Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлады

96

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 12-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлоо аземи болду.

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого жана Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн жогорку сыйлыкка татыды.

Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстандын Президентинин эки өлкө ортосундагы мамилелерди жандандыруудагы аракеттерине жогору баа берип, Садыр Жапаров мындан ары да Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу өз ара байланыштарды тереңдетүүгө көңүл бурарына бекем ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Владимир Путинге көрсөтүлгөн урмат жана жогорку сыйлык үчүн ыраазычылыгын айтты. 

Мамлекет башчысы бул эки өлкө ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин тастыктаарын белгиледи. 

Президент Садыр Жапаров мындан ары да эки тараптуу кызматташтыктын потенциалын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

  • Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 12-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлоо аземи болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK