Президент Садыр Жапаров менен Россия Президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү болду

46

Бүгүн, 12-октябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон расмий сапарынын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрү өттү.

Садыр Жапаров Владимир Путин баштаган россиялык делегация менен Бишкекте жүз көрүшүп, саламдашууда, “Кант” авиабазасынын 20 жылдыгына жана Кыргыз-Россия Славян университетинин 30 жылдыгына туш келген бул сапардын символикалык мааниси чоң экенине токтолду.

Президент Садыр Жапаров бул маанилүү окуялар эки тараптуу мамилелерде эки мамлекеттин достугунун символу экенин баса белгиледи. Кыргыз тарап кыргыз-россиялык стратегиялык өнөктөштүктү жана биримдештик мамилелерди жогору баалайт.

Ал жакында, 1-сентябрь – Билим күнүндө Россия Президенти менен биргеликте Кыргызстанда окутуу орус тилинде жүргүзүлө турган алгачкы 3 мектептин курулушун баштоого старт берилген салтанаттуу аземди эске салды. 

«Келечекте бул мектептердин бүтүрүүчүлөрү кыргыз-россиялык мамилелерди тереңдетүүгө чоң салым кошооруна бекем ишенем. Бул жагынан алганда, эки өлкөнүн тармактык мекемелеринин жана аймактарынын ортосундагы, ошондой эле “элдик дипломатия” аркылуу байланыштар менен тажрыйба алмашуулардын жигердүү динамикасы көңүл бурууга арзыйт”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын Россия Өкмөт жетекчилигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Росгвардиянын жана башка делегациялардын Бишкекке жасаган иш сапарларын жогору баалаарына басым жасады.

Ал Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы биримдештик жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо үчүн бекем негиз жана кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин канааттануу менен белгиледи.

Президент Садыр Жапаров соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда, ошондой эле энергетика, айыл чарба, региондор аралык кызматташууда, "жашыл экономика" долбоорлорун өнүктүрүүдө кызматташууну мындан ары өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Россия Президенти Владимир Путин жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостук үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди. 

Владимир Путин КМШга төрагалык кылуу алкагында Кыргыз Республикасынын аткарган иштерине жогору баа берип, Россия эстафетаны Кыргызстандан кабыл алып, 2024-жылы Уюмга төрагалык кыларын билдирди. 

Россиянын Президенти өз сөзүндө өлкөлөр ортосундагы тыгыз эки тараптуу күн тартибин жана эки тараптуу мамилелердин ийгиликтүү өнүгүшүн канааттануу менен белгиледи.

Экономикалык өз ара аракеттенүү жөнүндө айтып жатып, Россиянын Президенти Россия өлкөнүн алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экендигин баса белгиледи. Алсак, өткөн жылы Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 37 пайызга көбөйүп, 3,5 млрд АКШ долларына жеткен. Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында дагы 17,9 пайызга өскөн. Россия - Кыргызстандын экономикасындагы ири инвестор. Бүгүнкү күндө өлкөдө Россиянын катышуусу менен 800дөн ашык ишкана иштейт.

Кечээ жакында Кыргызстанда Ишкерлер кеңешинин ийгиликтүү өткөн жыйыны тууралуу айтып келип, Владимир Путин энергетика, өнөр жай, айыл чарбасы, жогорку технологиялар жана башка тармактарда биргелешип иштөөгө бизнестин кызыкдар экенин баса белгиледи. Мындан тышкары, Россия Президенти эки өлкөнүн ортосундагы ырааттуу өнүгүп жаткан региондор аралык байланыштарды белгиледи. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын лидерлери соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, региондор аралык кызматташуу маселелерине дыкат көңүл буруп, ошондой эле эл аралык регионалдык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында кыргыз-россиялык өз ара байланыштарын талкуулашты.

  • Бүгүн, 12-октябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон расмий сапарынын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрү өттү
  • Бүгүн, 12-октябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон расмий сапарынын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрү өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK