Новосибирск шаарындагы Башкы консулдуктун жана Омск шаарындагы ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясынын Омск шаарына жумушчу сапары болду

111

2024-жылдын 24-январынан 25-январына чейинки аралыкта КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдуктун жана КРнын Омск шаарындагы ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен, Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Маткеримовдин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Маматалиевдин курамындагы КРнын Жогорку Кеңешинин делегациясынын Омск шаарына жумушчу сапары болду.

Иш сапардын алкагында 2024-жылдын 24-январында КРнын Жогорку Кеңешинин делегациясы Омск шаарынын клиникалык онкологиялык диспансеринин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Кыргыз Республикасынын оорулуу жарандарын диагностикалоо жана дарылоо, ошондой эле Омск клиникалык онкологиялык диспансеринде Кыргыз Республикасынын онкологдору үчүн окууну, стажировкаларды жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле, 2024-жылдын 24-январында КРнын Жогорку Кеңешинин делегациясы Омск шаарындагы В.П.Выходцев атындагы клиникалык офтальмологиялык ооруканасынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Омск клиникалык офтальмологиялык ооруканасы менен Кыргыз Республикасындагы офтальмологиялык клиникаларынын ортосундагы кызматташтыкты түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын дарылоо маселелери талкууланды.

Иш сапардын алкагында, 2024-жылдын 25-январында КРнын Жогорку Кеңешинин делегациясы Омск мамлекеттик медициналык университетине жана Омск мамлекеттик техникалык университетине барышып, аталган жогорку окуу жайлардын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө, Омск жогорку окуу жайлары менен Кыргыз Республикасынын адистештирилген жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты түзүү, ошондой эле 2024-жылдын жай айларында көчмө кабыл алуу экзамендерин Кыргыз Республикасында өткөрүү жана кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алуу үчүн кабыл алуу комиссияларынын сапарын уюштуруу маселелери талкууланды.

  • 2024-жылдын 24-январынан 25-январына чейинки аралыкта КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдуктун жана КРнын Омск шаарындагы ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен, Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Маткеримовдин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Маматалиевдин курамындагы КРнын Жогорку Кеңешинин делегациясынын Омск шаарына жумушчу сапары болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK