Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясынын Омск шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуусу жөнүндө пресс-релиз

115

2024-жылдын 25-январынан 26-январына чейинки аралыкта КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун жана КРнын Омск шаарындагы ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен, Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Маткеримовдин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Маматалиевдин курамындагы КРнын Жогорку Кеңешинин делегациясынын Омск шаарына жумушчу сапары болду.

Иш сапардын алкагында 2024-жылдын 25-январында КРнын Жогорку Кеңешинин делегациясы Омск шаарында жашаган КРнын жарандары, Омск шаарындагы жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер жана курсанттар жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен кеңейтилген жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, КРнын делегациясы КРнын жарандарына жана мекендештерге КРнын Өкмөтү жана Жогорку Кеңеши тарабынан миграция жана чет өлкөлөрдө жүргөн КРнын жарандарынын абалын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Омск облусу менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-билим берүү чөйрөлөрүндө кызматташтыкты чыңдоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. КРнын жарандары менен түрдүү маселелер боюнча суроо-жооп форматында пикир алмашуу болду.

Жолугушууда, КРнын Башкы консулу А.Айдарбеков КРнын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жүрүшүндөгү консулдук-укуктук маселелери боюнча бир катар суроолоруна жооп берип, Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын сактоо зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш сапардын алкагында 2024-жылдын 26-январында КРнын Жогорку Кеңешинин делегациясы Омск шаарындагы КРнын Ардактуу консулу Н.Исабек уулу тарабынан уюштурулган Омск шаарындагы “Кыргыз кино күндөрүнүн” ачылыш аземинде катышты.

Иш-чара Омск шаарындагы «Слава» кинотеатрында уюштурулуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дипломатиялык корпус, КР жарандары жана кыргыз диаспорасынын катышышуусунда өткөрүлдү. Ачылыш аземинен кийин иш-чаранын конокторуна “Дарак ыры” кыргыз тасмасы көрсөтүлдү.

Ошондой эле, Омск шаарына болгон иш сапарынын алкагында 2024-жылдын 26-январында КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун консулу А.Аблаев Омск шаарындагы жашы жете элек укук бузуучуларды убактылуу кармоочу жайдын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, КРнын жашы жете элек жарандарын борборго жайгаштыруу учурларда өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

  • 2024-жылдын 25-январынан 26-январына чейинки аралыкта КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун жана КРнын Омск шаарындагы ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен, Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Маткеримовдин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Маматалиевдин курамындагы КРнын Жогорку Кеңешинин делегациясынын Омск шаарына жумушчу сапары болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK