21-февралдагы маалыматтык билдирүүсү

133

«Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» Федералдык мыйзамга ылайык, мамлекеттик аккредитациядан өткөн жана Россия Федерациясынын аймагында жайгашкан программалар боюнча мамлекеттик университеттерде же илимий уюмдарда күндүзгү окуудан өтүп жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга билим алуу максатында Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жашоого уруксат алуу үчүн 2023-жылдын 1-январынан тартып, атайын режим белгиленген.

Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын жогоруда көрсөтүлгөн категориясы бул укуктан толук пайдаланышпайт. Алсак, Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, билим алуу максатында Кыргыз Республикасынын 222 гана жараны убактылуу жашоого уруксат сурап кайрылган. 2023-жылдын аягына карата Россия Федерациясында 8 800дөн ашуун кыргызстандык студент билим алууда.

Буга байланыштуу Башкы консулдук Россияда билим алуу максатында жүргөн жана Россиянын мамлекеттик университеттерине же илимий уюмдарына программалар боюнча тапшырууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, берилген укуктан жигердүү пайдалануу жана андан кийин билим алуу максатында убактылуу жашоого уруксат алууну тариздөөнү сунуштайт.

Башкы консулдук ошондой эле билим алуу максатында убактылуу жашоого уруксатта (РВПO) төмөнкүлөр каралгандыгына көңүл бурат:

  • РВПО окуу мезгилине жана окуу мөөнөтү аяктагандан кийин дагы 180 календардык күнгө берилет;
  • РВПО чет өлкөлүк студент окуп жаткан Россия Федерациясынын аймагында гана берилиши жана алынышы мүмкүн.
  • РВПОну берүү жөнүндө арыз РФнын ИИМнин аймактык органына күндүзгү окуу формасына киргендигин тастыктаган документти көрсөтүү менен окуган жери боюнча берилет;
  • Эл аралык студенттер жашаган жерин жана кирешесин тастыктаган жылдык билдирүүлөрдү тапшырууга милдеттүү эмес;
  • эгерде сизде РВПО бар болсо, анда Россия Федерациясына кирүү үчүн жыл сайын чакыруу берүүнүн кажети жок;
  • убактылуу жашаган чет өлкөлүк жаран социалдык жактан колдоого, анын ичинде мамлекеттик медициналык мекемелерде акысыз медициналык жардам алууга укуктуу.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK