Башкы консулдуктун 19-мартына карата маалыматтык билдирүүсү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 26-декабрындагы «2024-жылы майрам күндөрүн жылдыруу жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында 2024-жылдын 21-24-март күндөрү жумушчу эмес күндөр болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, 2024-жылдын 21-24-мартында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу жарандарды майрам күндөрү кабыл албай турганын билдирет.
Ошону менен бирге, Башкы консулдуктун тез арада юридикалык жана консулдук жардам алууну талап кылган оор кырдаалга туш болгон учурларда мекендештердин кайрылууларына ыкчам жооп берүү максатында, нөөмөт жана ишеним телефондору иштейт: +7 (913) 4615482; +7 (953) 8017818
Башкы консулдука сапарыңызды алдын-ала ойлонуп, майрамдан кийинки күдөргө пландаштырып келиниз.