2019-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Калдарали Маматалиевдин Новосибирск шаарынын Мэри Анатолий Локоть жана депутаттар Кеңешинин Төрагасы Дмитрий Асанцев менен жолугушуусу

5627

2019-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Калдарали Маматалиевдин Новосибирск шаарынын Мэри Анатолий Локоть жана депутаттар Кеңешинин Төрагасы Дмитрий Асанцев менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Новосибирск ортосундагы аймак аралык кызматташууну айыл-чарбалык илим, соода-сатык, бизнес, транспорт, туризм, медицина, илим жана билим берүү тармактарына басым жасоо менен талкуулашты.

Ош жана Новосибирск шаарларынын ортосундагы бир туугандык байланыштарды активдештирүү планынын алкагында шаар жана шаардык парламент башчыларынын деңгээлинде өз ара сапарларды уюштуруу, эки тараптуу кызматташтык боюнча шаарлар аралык комиссиянын ишин жандандыруу жана “Новосибирск – Ош” достук депутаттык топторду түзүү макулдашуулары жетишилди. Ошондой эле Новосибирск бийлиги Бишкек менен бир туугандык мамиле түзүүгө жана эмгектенген кыргыз жарандарынын шарттарын жакшыртууга даяр экендигин тастыктады.

Ошону менен бирге, тараптар алдыдагы Кыргызстан-Россия Кайчылаш жылынын алкагында Кыргыз маданий борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүнү жана Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун эстилигин орнотуу менен анын ысымын Новосибирск көчөлөрүнүн же парктарынын бирине ыйгарууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK