2019-ж. 17-21 февралында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Калдарали Маматалиев  иш сапары менен РФнын Алтай Республикасына барып, регионалдык Өкмөтүнүн жана Мамлекеттик Жыйынынын-Эл Курултайынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

4328

    2019-ж. 17-21 февралында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Калдарали Маматалиев  иш сапары менен РФнын Алтай Республикасына барып, регионалдык Өкмөтүнүн жана Мамлекеттик Жыйынынын-Эл Курултайынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

         Алтай Республикасынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу– Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары А.Тюхтенев башындагы Өкмөт мүчөлөрү жана муниципалдык-аймактык түзүлүштөрүнүн жетекчилери катышкан жолугушуу учурунда бир туугандык мамилелерди чыңдоонун жана Кыргызстан менен Алтай Республикасынын ортосундагы соода, айыл жана токой чарбасы, туризм, транспорт, билим берүү, этноспорт, илим жана маданият чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүү жолдору талкууланды. Аны менен бирге тараптар Талас областынын администрациясы жана Алтай Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык келишим, ошондой эле Талас жана Горно-Алтайск шаарларынын, Жумгал жана Усть-Канск райондорунун ортосундагы бир туугандык байланыштарды түзүүнү макулдашышты.

            19-февральда Алтай Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын-Эл Курултайынын Төрагасы В.Тюлентин жана тармактык комитеттердин жетекчилери катышкан жолугушуу учурунда, кабыл алуучу тарап алтай менен кыргыздардын түп тамыры бир экендигин белгилеп, КРнын Жогорку Кеңеши менен тыгыз кызматташууга жана өз ара сапарларды алмашууга даярдыгын билдирди.

         Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Горно-Алтайск шаарында Алтайдагы Кыргыздарга арналган эстелик орнотуу жана “Алтай цивилизациясы” эл аралык тарыхый-маданий борборунунун курулуш проектисин ишке ашыруу маселелерине өзгөчө конүл бурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK