2020-ж. 18-19-февралында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Калдарали Маматалиевдин Алтай Республикасынын аймагында жашаган кыргызстандыктар жана Горно-Алтайск мамлекеттик университетинде окуган кыргыз студенттери менен жолугушуулары болду.

4222

    Кыргызстандын Башкы консулу мекендештерге өлкөнүн жетекчилиги тарабынан Россияда эмгектенген кыргыз жарандарын колдоого жана адистерди россиялык жогоркуу окуу жайларында даярдоо программасын кеңейтүүгө багытталган иш-аракеттери жөнүндө айтып берди. Аны менен бирге ал 2020-жылы өткөрүлүп жаткан эки мамлекеттин Кайчылаш жылы кыргыз-орус мамилелеринин тарыхында чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.

   Ошондой эле мекендештердин суроолоруна жооп жана консулдук-укуктук консультациялар берилди. Андан тышкары, алар консулдук эсепке алынышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK