Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун 22.04. 2020 жылга карата маалыматы.

5878

         Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу 2020-жылдын 22-апрель күнү Новосибирск – Бишкек багытында “Сибирь” (S7) авиакомпаниясынын чартердик борту Новосибирск убактысы менен 15 саат 40 минутада COVID – 19 пандемиясына байланыштуу регулярдуу аба каттамдары убактылуу токтотулганына байланыштуу мекенге кайтууну күтүп жаткан 176 Кыргыз Респубикасынын жарандарын алып учуп кеткендигин маалымдайт

   Аталган чартердик рейс эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн, дипломатиялык жана авиациялык кызматтарынын тыгыз кызматташуусунун натыйжасында ишке ашырылды.

Алгачкы кезекте улгайган адамдар, балалуу энелер, кош бойлуу аялдар, ден-соолугу начар жарандар, административдик жазага тартылгандар (убактылуу атайын кармоочу жайларда кармалып жаткандар) жана Россиянын алыс жактарынан келген жарандар жөнөтүлдү.

     Ошону менен бирге транзит Въетнамдан Новосибирск аркылуу келген жарандар да учуп кетишти.

    Башкы консулдук Новосибирск областынын Өкмөтүнө, “Сибирь” (S7) авиакомпаниясынын жетекчилигине, Новосибирск областындагы Кыргыз диаспорасына жарандарды мекенине жөнөтүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK