Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө презентация

2023-жылы соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары жылдыруу максатында Элчилик, экономикалык дипломатияны өнүктүрүү боюнча жигердүү ишин улантууда. Ата мекендик продукцияларды өндүрүүчүлөрдүн экспортуна көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук стенди ачылып, тамак-аш өнөр жай жаатындагы эң белгилүү көргөзмөлөрдүн бири "Продэкспо-2023" тамак-аш жана тамак-аш өнөр жайынын Эл аралык көргөзмөсүндө (2023-жылдын 6-10-февралы, Москва шаары) Кыргызстандын 10 экспорттоочу компаниясынын катышуусу уюштурулду. Ошондой эле, 28 кыргызстандык компаниялар, тигүү жана текстиль тармагындагы эң белгилүү көргөзмөлөрдүн бири, фабрикаларды потенциалдуу кардарлар менен байланыштырган (бренддер, чекене сатуучулар жана корпоративдик кардарлар менен)жеңил өнөр жай үчүн аутсорсинг боюнча 15-Эл аралык “Be-Toghether» атуу көргөзмө-платформасында активдүү катышты.

Туризмди өнүктүрүү максатында Улуттук Павильон ачылып, ага улай Эл аралык туристтик көргөзмөгө «MITT-2023» (2023-жылдын 16-18-март айы, Москва шаары), «Саякат» аттуу Россиянын туристтик форумуна (2023-ж 7-11-июну, ВДНХ Москва шаары) Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду туроператорлору менен биргеликте түзүлгөн кыргыз делегациясынын катышуусу иштелип чыкты. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө туризмди жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу мазмундуу презентация өткөрүлүп, ошондой эле, Элчиликтин сунушу боюнча Кыргыз тарап менен Россиянын Туроператорлор союзунун ортосунда туризм тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. ВДНХнын аймагында Кыргыз Республикасынын масштабдуу экспозициясы ачылып (анын ичинде Кыргыз Республикасын таанытуу программасы – улуттук оюндарды көрсөтүү, көчмөндөрдүн салттуу тамак-ашынан даам татуу, музыканттардын аткаруулары, «ала кийиз» ыкмасын колдонуу менен кийизден буюмдарды жасоо боюнча мастер-класстар, кыргыз мода дизайнерлеринин мода көргөзмөсү fashion-show) жана программанын бизнес бөлүгүндө улуттук стендде туроператорлордун катышуусу менен туризм тармагындагы инвестициялык долбоорлордун презентациясы көрсөтүлдү.