2022-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын өкүлдөрү, коммерциялык сатуулар боюнча Департаментинин Директору Махмут Яйла жана Борбордук Азия рыногуна жооптуу директордун орун басары Тунжай Эминоглу менен жолугушту.

2327

2022-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын өкүлдөрү, коммерциялык сатуулар боюнча Департаментинин Директору Махмут Яйла жана Борбордук Азия рыногуна жооптуу, директордун орун басары Тунжай Эминоглу менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар экономикалык кызматташуу маселелерин, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоодо «Түрк аба жолдорунун» ролун талкуулашты. Тактап айтканда, Башкы консул Лира Сыдыкова 2021-жылы Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы товар жүгүртүү 736,1 миллион АКШ долларга жеткендигин белгилеп, эки өлкөнүн экономикалык ишмердүүлүгүн бардык чөйрөлөрүндө соода-экономикалык кызматташтыкты жогорулатуу жана кеңейтүү максатында, аба жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады.

Ошону менен бирге, тараптар Изник шаарында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларына жеңилдетилген тарифтерди берүү маселелерин талкуулашты. Муну менен катар Башкы консул Лира Сыдыкова «Жүк-200дү» Кыргызстанга жеңилдетилген баада же бекер жеткирүү маселесин кароону сунуштады.

Маалымат үчүн: Түркия Республикасы 2022-жылдын сентябрынын аягында Изник шаарында 76 өлкөнүн этноспортсмендеринин катышуусунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү пландоодо.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар көтөрүлгөн маселелерди карап чыгып, мындан ары өз ара пайдалуу кызматташууну улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK