Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2022-жылдын 19-сентябры улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

1494

2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте Кыргыз Республикасынын жарандары курман болду.

2022-жылдын 19-сентябрында Көңүл айтуу китеби Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунда саат 10.00дөн 16.00гө чейин ачык.

Өзүңөрдүн көңүл айтуу каалоолоруңарды ошондой эле Башкы консулдуктун электрондук дарегине жөнөтүүгө болот: kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg.

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардарга тез арада сакайып кетишине тилектеш.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK