2021-жылдын 11-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) боюнча

4479

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында 2021-жылдын 11-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындалды.

Түркия Республикасынын Стамбул, Анталия, Балыкесир, Биледжик, Бурса, Измир, Коджаэли, Кыркларэли, Маниса, Сакарья, Текирдаг, Чанаккале жана Эдирне провинцияларында убактылуу/туруктуу  жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунда№9035 УШК шайлоо участогу бекитилди.

Мыйзам боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодон өткөн жарандардын бардыгы, тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Референдумга катышуу үчүн 2021-жылдын 27-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун шайлоочулар тизмесинде болушуңуз керек (УШК 9035).

Тизмеге кирүү талаптары:

1. Эгерде жаран биометрикалык маалыматын (манжа изин) мурда Кыргызстанда же Башкы консулдукта тапшырган болсо, консулдук каттоодон өтүү үчүн толтурулган форманы жана жарактуу мөөнөтү менен Кыргыз паспортунун көчүрмөсүн kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg дарегине жөнөтүү жетиштүү (Форманы толтуруу жана консулдук каттоо боюнча маалымат алуу үчүн басыңыз).

2. Эгерде жаран мурда биометрикалык маалыматын тапшырбаса, анда  Башкы консулдукка жарактуу улуттук паспорту менен келип, биометрикалык маалыматын (манжа издери) тапшырып, консулдук каттоодон өтсө болот.

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбастан, жаран алдыдагы референдумда добуш бере албайт!

Каттоого тургандыгы үчүн консулдук төлөмдөр алынбайт.

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында жайгашкан жана Башкы консулдуктун шайлоо участогунда илинет (Алдын ала тизме менен таанышуу үчүн басыңыз).

Эгер шайлоочу тизмеде ката тапса, жаңылыштык кетсе же өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, 2021-жылдын 27-мартына чейин шайлоо участогунун комиссиясына арыз менен кайрылуусу зарыл.

Добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо участогуна акыркы тизме илинет.

Добуш берүү үчүн шайлоочунун жанында Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын  жалпы жарандык паспорту, кызматтык же дипломатиялык паспорту болуусу зарыл.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK