«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (бүткүл элдик добуш берүү) добуш берүү үчүн №9035 шайлоо участогунун шайлоочулардын биротоло тизмеси жөнүндө

3990

Урматтуу мекендештер!

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (бүткүл элдик добуш берүү) добуш берүү үчүн №9035 шайлоо участогунун төмөнкү шайлоочулардын биротоло тизмесинен өзүңүздөрдү тактоого суранабыз. 

№9035 шайлоо участогунун шайлоочулардын биротоло тизмеси

Референдум 2021-жылдын 11-апрелинде саат 8:00дөн 20:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун имаратында жайгашкан №9035 шайлоо участогунда болуп өтөт (адрес: Kocatepe Mah., Lamartin Cad. No:7, Beyoğlu/Istanbul).

Коронавирус пандемиясы убагында дем алыш күндөрү эшикке чыгууга тыю салынганын эске алып, шайлоочулардын тизмесинде болгон жарандарга 11-апрель күнү шайлоого катышуу үчүн Башкы консулдукка келүүгө Түрк тарабынан макулдуулук алгандыгыбызды маалымдайбыз. 

Референдумга катышуу үчүн жаныңызда сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун бири болушу керек - ички паспорт (ID-карта) же жалпы жарандык паспорт.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK