2021-жылдын 25-июнунда, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова Түркия Республикасынын Бурса шаарынын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен менен жолугушту.

3067

2021-жылдын 25-июнунда, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова Түркия Республикасынын Бурса шаарынын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен менен жолугушту.

Жолугушууда, Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Лира Сыдыкова Бурса шаарынын бизнес коомчулугунун көрүнүктүү ишмерлери, анын ичинде текстиль, тамак-аш, курулуш өнөр жай жана экономиканын башка тармактарынын башкаруучулар кеңешинин төрагалары, ошондой эле "Демирташ" жаш ишкерлер жана өнөр жайчылар ассоциациясынын жетекчиси менен таанышты. Ишкерлерге Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар кайсы тармактарынын инвестициялык жана рыноктук мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарларды Евразия экономикалык биримдигик, Европа Биримдигик мүчө өлкөлөргө жана АКШга бажы алымсыз импорттоонун артыкчылыктары тууралуу маалымдады.

Башкы консул жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулардын көңүлүн Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча демилгесине, анын алкагында инвесторлордун укуктарын коргоого жана мамлекеттин колдоосу менен инвестициялык иш-аракеттерди кубаттоого багытталган жүргүзүлүп жаткан реформаларга өзгөчө бурду. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин “стратегиялык инвестор” статусун ченемдик укуктук актыларга киргизүү жана инвестициялоонун бюрократиялык тутумун жөнөкөйлөтүү боюнча пландары менен бөлүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлерди эмгек шарттары, транспорттук каттамдар, бажы тарифтери жана Кыргыз Республикасында ишкана ачуунун жана иштетүүнүн башка аспектилери кызыктырды. Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу катышуучуларды кызыктырган бардык маселелер боюнча ар тараптуу маалымат берди.

Мындан тышкары, Башкы консул Бурса шаарындагы авто тетиктерди жана аксессуарларды чыгаруучу жергиликтүү ишкана менен таанышып, ишкананын директору М.Шашмаш мырза менен мындай ишкананы Кыргыз Республикасында ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

  • 2021-жылдын 25-июнунда, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова Түркия Республикасынын Бурса шаарынын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен менен жолугушту.
  • 2021-жылдын 25-июнунда, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова Түркия Республикасынын Бурса шаарынын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK