2021-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулу Лира Сыдыкованын Россия Федерациясынын Башкы консулу Андрей Буравов менен жолугушуусу болуп өттү.

3529

2021-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулу Лира Сыдыкованын Россия Федерациясынын Башкы консулу Андрей Буравов менен жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушуунун алкагында кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана Кыргызстан менен Россиянын Башкы консулдуктарынын өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алмашуу болду. Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулу Лира Сыдыкова Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын стратегиялык өнөктөштүгүн белгилеп, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров 2021-жылдын 24-25-февралында Россия Федерациясына болгон расмий иш сапарларынын жыйынтыгы менен бөлүштү.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын Башкы консулдуктары арасындагы практикалык кызматташтык жөнүндө макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK