Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкованын Стамбул шаарынын Губернатору Али Йерликая менен жолугуушусу

2981

2021-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова Стамбул шаарынын Губернатору Али Йерликая менен жолугушту.

Башкы консул Губернаторго Кыргыз Республикасындагы ички саясий жагдай боюнча кыскача кабар берип, КРдин Президенти С.Н.Жапаровдун эки бордош өлкөнүн кызматташтыгынын өнүктүрүүсүндө иш-аракеттерин баса белгилеп, түрк тарабына Түркиянын бир нече провинциясында чыккан токой өртүнүн жана жүргөн селден улам каза болгондорго байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Али Йерликая Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарында Башкы консулдук кызматына дайындалышы менен Лира Сыдыкованы куттуктап, ишине ийгилик каалап, Губернаторлук атынан Л.Сыдыкова жетектеген Башкы консулдукка бордош мамиле жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде ар тараптуу колдоо көрсөтүүсүнө дайыма даяр экендигин баса белгиледи.

Жолугушуу алкагында кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүү боюнча соода-экономикалык, маданий-гуманитардык  кызматташтык багытында кыскача ачык пикир алмашуу болуп, кыргыз жараандарынын укуктук жактан коргоо жана алардын кызыкчылыктарын колдоо боюнча Башкы консулдук менен Губернаторлук ортосундагы практикалык мамилелешүү жана координациялоо маселелери, ошондой эле, регионалдык маселелер, алардын ичинде Түркиядагы көзөмөлсүз качкындардын жана мыйзамсыз жүргөн мигранттардын көйгөйлөрү тууралуу маселелерин талкуулашышты. 

Жолугушуунун акырында тараптар өз ара тыгыз кызматташууну андан ары да колдоо боюнча макулдашууга келишти. 

 

  • Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкованын Стамбул шаарынын Губернатору Али Йерликая менен жолугуушусу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK