Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Стамбул шаарында салтанаттуу иш-чара уюштурулгандыгы тууралуу

2863

2021-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Стамбул шаарында салтанаттуу иш-чара жана фото-көргөзмө уюштурулду. 

Иш-чарага Стамбул провинциясынын губернаторунун орун басары Өзлем Бозкурт Геврек айым, Бейоглу мэриясынын башчысы Хайдар Али Йылдыз мырза, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдигинин Башкы катчысы Фахри Солак мырза, дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын, бизнес – коомчулуктун, Стамбул шаарындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жана Түркияда жашаган мекендештер катышты. 

Өз сөзүндө Башкы консул Лира Сыдыкова Кыргызстандын өнүгүү жолун жана эгемендүүлүктүн курулушун билдирип, биринчилерден болуп Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган Түркия менен болгон бордоштук мамилени баса белгилеп, катышуучуларга өзүнүн жылуу каалоо тилектерин айтты. Түрк элинин атынан куттуктоо сөздөрү менен Ө.Б.Геврек жана Х.А.Йылдыз сүйлөп, Кыргыз элин салтанаттуу майрам менен куттукташып, Стамбул провинциясынын губернатору Али Йерликая жана Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглунун атынан эң даражалуу каалоо тилектерди айтышты. 

Кыргызстандын эмгек сиңирген артистеринин коштоосунда майрамдык кеч салтанаттуу жана достук маанайда болуп өттү. 

  • Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Стамбул шаарында салтанаттуу иш-чара уюштурулгандыгы тууралуу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK