2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосу тууралуу

3735

Урматтуу мекендештер,

Белгилүү болгондой, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган. 

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу белгиленген шайлоону уюштуруу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында сиздерге төмөнкүлөрдү билдирет:

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун аймагында эки шайлоо участогу түзүлдү:

  1. Стамбул ш., УШК №9035 - Kocatepe Mah., Lamartin Cad., Altınay Apt. No:7, Beyoğlu/Istanbul (КРдин Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун имаратында);
  2. Анталья ш., УШК №9056 – ASSİM Борбору: Doğuyaka Mah. 1219 Sk. No:9,07300 Muratpaşa/Antalya.

Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамына ылайык, Түркиянын Стамбул, Анталия, Балыкесир, Биледжик, Бурса, Измир, Коджаэли, Кыркларэли, Маниса, Сакарья, Текирдаг, Чанаккале жана Эдирне провинцияларында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын алдыдагы парламенттик шайлоосуна катышуу үчүн Башкы консулдук аркылуу консулдук жана биометрикалык каттоодон өтүшү керек.

Мыйзам боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодон өткөн жарандардын бардыгы, тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Шайлоого катышуу үчүн Стамбул шаарынын 9035 УШК жана Анталья шаарынын 9056 УШКнын шайлоо тизмелерине 2021-жылдын 12-ноябрына чейин кошулуу керек. 

Тизмеге кошулуу талаптары:

1. Эгерде жаран биометрикалык маалыматын (манжа изин) мурда Кыргызстанда же Башкы консулдукта тапшырган болсо, консулдук каттоодон өтүү үчүн толтурулган форманы жана жарактуу мөөнөтү менен Кыргыз паспортунун көчүрмөсүн kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg дарегине жөнөтүү жетиштүү (Форманы толтуруу жана консулдук каттоо боюнча маалымат алуу үчүн басыңыз).

2. Эгерде жаран мурда биометрикалык маалыматын тапшырбаса, анда  Башкы консулдукка жарактуу улуттук паспорту менен келип, биометрикалык маалыматын (манжа издери) тапшырып, консулдук каттоодон өтсө болот.

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбастан, жаран алдыдагы шайлоодо добуш бере албайт!

Каттоого тургандыгы үчүн консулдук төлөмдөр алынбайт.

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси менен «Тизме» (tizme.gov.kg) порталындан таанышып алсаңыздар болот. 

Эгер шайлоочу тизмеде ката тапса, жаңылыштык кетсе же өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, 2021-жылдын 12-ноябрына чейин шайлоо участогунун комиссиясына арыз менен кайрылуусу зарыл.

Добуш берүү үчүн шайлоочунун жанында Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын  жалпы жарандык паспорту болуусу зарыл.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK