2021-жылдын 29-сентябрында Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулдугу, Эл аралык Түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ), Евразия жазуучулардын биримдиги жана Стамбул шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы менен бирге уюштурулган акын Жолон Мамытовдун 80 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

2474

Кыргыз Республикасынын Башкы консул Л.Сыдыкова, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Дүйсен Касеинов, Түрк Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Султан Раев, Евразия Жазуучулар союзунун президенти Якуп Омероглу, жазуучу, драматург, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана жазуучунун жубайы Менди Мамазаирова, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, илимпоздор жана жазуучулар, ошондой эле Түркияда окуп, иштеп жүргөн мекендештер эскерүү программасына катышты.

Башкы консул Л.Сыдыкова өз сөзүндө белгилүү акындын интеллектуалдык мурасы гумандуулукка, сүйүүгө, толеранттуулукка жана биримдикке негизделгенин баса белгиледи.

Иш-чара маданий программа менен коштолуп, анда Кыргыз Республикасынын аткаручулар жана ырчылары Ж.Мамытовдун калемине таандык обондуу ырларды аткарышты.

  • 2021-жылдын 29-сентябрында Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулдугу, Эл аралык Түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ), Евразия жазуучулардын биримдиги жана Стамбул шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы менен бирге уюштурулган акын Жолон Мамытовдун 80 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK