2021-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулдугу, Түрк Кеңеши, Стамбул университети, Лондондогу Ч.Айтматов академиясы менен биргеликте "Чынгыз Айтматов жана түрк дүйнөсү" аттуу эл аралык конференцияны уюштурду.

2699

Конференцияга Башкы консул Л.Сыдыкова, Түрк Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Султан Раев, Лондондогу Ч.Айтматов атындагы Академиянын президенти, жазуучу Р.Абдувалиева, Европа жана Түрк дүйнөсүнүн илимий чөйрөнүн көрүнүктүү ишмерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында улуу жазуучунун түрк дүйнөсүндөгү ролу жана тийгизген таасири талкууланып, Кыргызстандан келген маданият кызматкерлерин сахналык оюндары, ошондой эле Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кыскача тасмалар көрсөтүлдү.

Башкы консул Лира Сыдыкова өз сөзүндө Ч.Айтматовдун артында көптөгөн адабиятчылар, акындар, журналисттер жана кино кызматкерлери үчүн илхам булагы болгон дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармалары калганын айтып кетти. Ч. Айтматовдун чыгармалары аркылуу, түрк дүйнөсү бүткүл дүйнө жүзүнө жайылып жана атактуу жазуучу адам, абийир жана руханий маселелерине чоң маани бергенин баса белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу англис жана түрк тилдеринде эки китеп бет ачары болду.

  • 2021-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулдугу, Түрк Кеңеши, Стамбул университети, Лондондогу Ч.Айтматов академиясы менен биргеликте

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK