2021-жылдын 6-октябрынан баштап 27-ноябрына чейин Анталья шаарында убактылуу консулдук кызмат көрсөтүү боюнча маалымат
2021-жылдын 28-ноябрында парламенттик шайлоону уюштуруу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жана Анталья шаарында №9056 шайлоо участогу түзүлгөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле консулдук каттоого алуу, шайлоочулардын тизмелерин түзүү, консулдук кызматтарды көрсөтүү максатында, 2021-жылдын 6-октябрынан баштап 27-ноябрга чейин КРдин Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Анталья шаарында убактылуу консулдук кызмат көрсөтөт.
Анталья провинциясында жашаган жарандар консулдук кызмат алуу үчүн +905383348533 (WhatsApp,Telegram) байланыш номери аркылуу алдын ала (рандеву) жазылуу керектигин билдирет.
Убактылуу консулдук кызмат көрсөтүү дареги:
Yenigün Mah., Mevlana cad., Midtown Plaza B blok, No:57/b, D:9, Muratpaşa/Antalya
Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнүүчү банктын маалыматы:
Türkiye İş Bankası
Kırgız Cumhuriyeti İstanbul Başkonsolosluğu
TR840006400000210523378191