Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Лира Сыдыкованын Бурса провинциясынын губернатору Якуп Жанболот, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ жана Бурса провинциясынын бизнес коомчулугу менен жолугушуусу боюнча маалымат.

2503

Бүгүн, 2021-жылдын 8-октябрында, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова менен биргеликте Бурса провинциясынын губернатору Якуп Жанболот, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ жана Бурса провинциясынын бизнес коомчулугу менен жолугушту.

Жолугушуулардын алкагында кыргыз-түрк мамилелеринин өнүгүшүнүн жүрүшү, маданий-гуманитардык, соода-экономикалык кызматташуу, Элчилик, Башкы консулдук жана Бурса провинциясынын жергиликтүү бийликтери ортосундагы практикалык мамиле, кыргыз жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо маселелери жана 2022-жылы Бурса провинциясынын Изник шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча суроолор талкууланды.

Мындан сырткары, Бурса Соода-өнөр жай палатасы башкармалыгынын мүчөлөрү Мухсин Кочашлан, Хашим Киличтин катышуусу менен текстиль, тамак-аш, курулуш, автомобиль өнөр жайынын директорлор кеңеши жана компания өкүлдөрү, б.а. Юсуф Налбонтоглу, “DLG Yangin Arac” өрттөн коргоо системасынын директору, Адем Мурат Инжелер, “Сонасыд Кумас” текстиль компаниясынын директору  жана башка ишкерлер менен жолугушуу болуп өттү.

Бул жолугушуунун алкагында кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгы, соода жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларга чейин жеткирүү жана бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен онлайн-конференцияларды өткөрүү маселелери боюнча ачык пикир алмашуу болду. Ошондой эле, катышуучуларга Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы боюнча маалыматтык-аналитикалык маалымкаттар, презентациялар, видеороликтер жана катышуучуларды кызыктырган суроолорго толук маалымат берилди.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү боюнча кадамдарды аныкташты.

  • Бүгүн, 2021-жылдын 8-октябрында, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова менен биргеликте Бурса провинциясынын губернатору Якуп Жанболот, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ жана Бурса провинциясынын бизнес коомчулугу менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK