Бурса шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугунун ачылышы боюнча маалымат.

2823

Урматтуу мекендештер! Бүгүн, 2021 -жылдын 8-октябрында, Бурса шаарындагы Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдук кеңсесинин ачылыш аземи болуп өттү. Ардактуу консулдукту Бурсанын бизнес коомчулугунун жаш өкүлү, «Öztutuş Grup» текстиль компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Билал Тутуш жетектеди.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, т.а. Бурса облусунун губернатору Якуп Жанболот, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, жергиликтүү кеңешинин бир нече депутаттары, бизнес, илимий, саясий чөйрөнүн өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын жарандары катышты.

Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Лира Сыдыкова өз сөзүндө Түркиянын экономикалык, маданий, туристтик, өндүрүштүк жана тарыхый борбору болуп эсептелген Бурса шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугунун ачылышы, эки өлкөнүн кызматташтыгы, бир туугандыгы, достугу жана өз ара ишеними себеп экендигин баса белгиледи. Мындан сырткары, бул кеңсе кыргыз жана түрк элдеринин ортосунда бекем байланыштарды түзүүгө салым кошот деген үмүтүн билдирди.

Ардактуу консул Билал Тутуш өз сөзүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы экономикалык, маданий, билим берүү байланыштарын өнүктүрүүгө ар тараптуу жардам көрсөтөрүн айтып өттү. Ардактуу консул кыргыз жарандары өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо жардам ала тургандыгын белгилеп, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес кызматташтыгын түзүүдө ар тараптуу колдоого даярдыгын билдирди.

Бул иш-чаранын алкагында, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Лира Сыдыкова Бурса провинциясында жашаган мекендештер менен жолугушууп, Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук жана укуктук колдоо көрсөтүү боюнча бир катар суроолор талкууланды.

  • Урматтуу мекендештер! Бүгүн, 2021 -жылдын 8-октябрында, Бурсадагы Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдугунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ардактуу консулдукту Бурсанын бизнес коомчулугунун жаш өкүлү, «Öztutuş Grup» текстиль компаниясынын башкармалыгынын төрагасы, Билал Тутуш жетектеди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK