Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун Кыргыз Республикасынын жаранынын өлүмү тууралуу маалыматтык билдирүүсү

3562

Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулдугу, 2021-жылдын  13-октябрында 1991-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны М.А.нын өлүмү туурасында кеңири маалымат алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова жана консулдуктун кызматкери Текирдаг провинциясынын Черкезкөй райондук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы менен жолугушкандыгын маалымдайт.

Башкы консул Л. Сыдыкова иликтөө процессин тездетүүнү сурануу менен бирге, бул иш кыргыз тарабынын көзөмөлүндө болорун баса белгиледи.

Алынган маалыматка ылайык, учурда Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын жараны М.А.ны өлтүрүүгө шектүү, Түркиянын жараны Ф.А. кармалып, “өзгөчө мыкаачылык менен жасалган адам өлтүрүү” беренеси боюнча айыпталууда.

Башкы консулдук маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына консулдук-укуктук көмөк көрсөтүүдө.

Бул маселе Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK