Анталия шаарындагы турак үйдүн 5 -кабатынын терезесинен кулап кеткен Кыргыз Республикасынын жараны тууралуу маалыматтык билдирүү

3736

Келип түшкөн маалыматка ылайык, 14-октябрь күнү 2003-жылы төрөлгөн КР жараны А.Т., Анталья шаарында убактылуу жашап жаткан үйдүн 5-кабатынан кулап, олуттуу жаракат менен Анталья шаарынын ооруканаларынын бирине келип түшкөн. Ал эми бүгүн, 15-октябрь таңкы саат 07:00 чамасында алган жаракаттан улам, операция жасалганына карабастан каза болгон.

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу маркумдун жакындарына ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткандыгын билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK