2021-жылдын 28-ноябрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунда №9035 шайлоо участогу ачылды.
2021-жылдын 28-ноябрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунда, Lamartin cad. №7, Taksim, Beyoğlu адреси боюнча №9035 шайлоо участогу ачылды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00дө жабылат.
Жаныңызда төмөнкү улуттук паспорттордун бири: Кыргыз Республикасынын ички паспорту; Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту; Кыргыз Республикасынын дипломаттык паспорту же Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорту болуусу зарыл.
Башкы консулдук жарандарыбызды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырат.