Кыргыз Республикасынын жаранынын өлүмү боюнча маалымат билдирүү
Башкы консулдук, ушул жылдын 6-декабрында Измир шаарында “Б.А.” аттуу кыргыз жараны төрөт учурунда каза болгондугун маалымдайт. Азыркы учурда Башкы консулдук каза болгон кыргыз жаранынын өмүрлүк жолдошу, түрк жараны “С.О.” менен биргеликте маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жиберүү боюнча иштерди алып барууда.
Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу бул маселени кылдаттык менен көзөмөлүнө алды.