Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугу консулдук кызматтарды көрсөтүп баштады

2619

2022-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугу төмөнкү дарек боюнча консулдук кызматтарды көрсөтүп баштады: Konyaaltı, Liman Mahallesi, 23 Sokak, № 12, A Blok, Daire 3., тел.: +905465570471, электрондук дареги: kgconsulate.antalya@mfa.gov.kg.

Башкы консулдук Анталья, Мугла, Айдын, Денизли, Бурдур, Ыспарта, Конья, Караман, Нигдэ, Мерсин, Адана, Османие, Хатай, Газиантеп жана Килис аймактарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына кызмат көрсөтөт.

Жарандарга консулдук кызмат күн сайын иш күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 09.00дөн 12.00гө чейин жана 14.00дөн 16.00гө чейин көрсөтүлөт. Ал эми документтер күн сайын иш күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 16.00дөн 18.00гө чейин берилет.

Консулдук кызмат алуу үчүн https://antalyakonsulduk.com веб-дареги боюнча алдын ала жазылуу зарыл.

Жогоруда көрсөтүлгөн Башкы консулдуктун дареги убактылуу экенин эскертебиз. Туруктуу дареги боюнча кошумча маалымат берилет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK