2023-жылдын 9-февралына карата жер титирөөгө байланыштуу Түркиядагы абал тууралуу маалымат

596

Саат 09:00гө карата (жергиликтүү убакыт боюнча) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12391 кишиге жетип, 62914 киши жаракат алды. Колдо болгон маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында каза болгондор жок.

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы өкүлчүлүктөрү жер титирөөдөн жабыркаган аймактардан Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо боюнча иштерди улантууда.

1. Казакстан Республикасынын учагы менен Газиантеп шаарынан Кыргызстандын 22 жараны, анын ичинде 1 жаш бала эвакуацияланды.

2. 8 жаран Хатай шаарынан чыгарылды;

3. 12 жаран, анын ичинде 2 бала Анкарага жөнөтүлүп, аларды диаспора өкүлдөрү тосуп алып, үйлөрүнө жайгаштырышты;

4. Өзбекстан Республикасынын атайын учагы менен Ташкент шаарына жарандарды эвакуациялоо иштери иштелип чыкты. Кыргыз Республикасынын 6 жаранын жөнөтүү пландалууда.

5. Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жана Анталия менен Стамбул шаарларындагы Башкы консулдуктарынын дипломаттары тарабынан кырсык болгон аймактагы Кыргызстандын жарандарына жылуу кийим-кече, жууркан-төшөк, суу жана тамак-аш менен жардам көрсөтүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK