Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу «Кыргыз Республикасынын инвестиция жана рынок мүмкүнчүлүктөрү» бизнес форумун өткөрдү

238

2023-жылдын 15-июлунда, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу “Түрк дүйнөсү соода платформасынын” алкагында “Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана рыноктук мүмкүнчүлүктөрү” бизнес форумун өткөрдү.

Иш чарага Башкы консул Л.Сыдыкова, Кыргыз Республикасынын Бурса шаарындагы ардактуу консулу Б.Тутуш, Кыргыз Республикасынын «Туризмди колдоо жана өнүктүрүү» фондунун вице-президенти Ж.Батырбеков жана «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын Башкы директорунун орун басары Д.Сандыбаев, Түркия Республикасынын жүздөн ашык компания, ишкана жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Башкы консул Л.Сыдыкова иш чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын инвестициялык, рыноктук жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү, экономикалык өнүгүүнүн келечеги, инвестициялык климаты, бизнес жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөр, шарттар жана мамлекеттик бизнес долбоорлор менен деталдуу тааныштырды. Ошондой эле ата мекендик экономиканын инвестиция жана кызматташтык үчүн перспективдүү тармактары тууралуу маалымат берди. Айрыкча «Инвестициялар жөнүндө» жана «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү долбоорлорду ишке ашыруунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана анын алкагында чет өлкөлүк инвесторлор үчүн кепилдиктер каралган боюнча маалыматы жеткирди.

Бизнес форумдун жыйынтыгында, кызыкдар түрк компанияларга рынокту изилдөө, долбоор тандоо, бизнес каттоо сыяктуу инвестициялык процесстин этаптарында ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

  • 2023-жылдын 15-июлунда, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу “Түрк дүйнөсү соода платформасынын” алкагында “Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана рыноктук мүмкүнчүлүктөрү” бизнес форумун өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK