КРдин Стамбул ш. Башкы консулу Эркин Сопоковдун Анталья шаарында болуп өткөн Дүйнөлүк Менталдык Арифметика Мектептеринин Ассоциациясынын олимпиядасынын ачылыш аземинде катышуусу

4224

2019 – жылдын 22 – июнунда КРдин Стамбул ш. Башкы консулу Эркин Сопоков Анталья шаарында КРден келген 5 жаштан 16 жашка чейин балдардын катышуусу менен болуп өткөн Дүйнөлүк Менталдык Арифметика Мектептеринин Ассоциациясынын (WAMAS) олимпиядасынын ачылыш аземине катышты.

Башкы консул Э.Сопоков: балдар – биздин келечегибиз экенин белгилеп, балдардын билим берүү тармагында өнүгүүсүндө өлкөнүн кызыкчылыгы бар экендигин айтып, балдарга ийгиликтерди, жеңиштерди каалап өттү.

Бул олимпиада Дүйнөлүк Менталдык Арифметика Мектептеринин Ассоциациясы (WAMAS) аркылуу уюштурулуп, Кыргызстан, БАЭ, Казахстан, Франция, Иран, Ирак, Россия, Белоруссия, Украина, Армения ж.б. 16 өлкөдөн 600 ашык өспүрүм балдардын катышуусу менен болуп өттү.

  • 2019 – жылдын 22 – июнунда КРдин Стамбул ш. Башкы консулу Эркин Сопоков Анталья шаарында КРден келген 5 жаштан 16 жашка чейин балдардын катышуусу менен болуп өткөн Дүйнөлүк Менталдык Арифметика Мектептеринин Ассоциациясынын (WAMAS) олимпиядасынын ачылыш аземине катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK