2024-жылдын 19-январында Башкы консул Л.Сыдыкова Түркия Республикасынын бизнес коомчулугу өкүлдөрү менен жолугушту

152

Жолугушууга “Sultanlar” холдингинин жетекчиси И.Йылдыз, “NGS” кийим тигүү ишканасынын башкы директору Р.Демиржан, “Norma Standart” компаниясынын башкы директору С.Актен жана "Түркия Босфор жаңылыктары"  маалымат агенттигинин башкы редактору Т.Балык катышты.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы консул Л.Сыдыкова маектештерге Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жана өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди. Өзгөчө салыктардын аздыгына, капиталдын эркин кыймылына, Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларды ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна бажы төлөмсүз экспортого жана инвестиция үчүн экономиканын перспективдүү тармактарына көңүл бурду.

 

Бизнес-коомчулук өкүлдөрү мындан аркы жемиштүү кызматташуу үчүн Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана рыноктук потенциалын изилдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода жүгүртүүнү, өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары жогорулатуу максатында бир катар иш-чараларды өткөрүү жана Кыргыз Республикасына бизнес делегациясын уюштуруу боюнча макулдашты.

  • 2024-жылдын 19-январында Башкы консул Л.Сыдыкова Түркия Республикасынын бизнес коомчулугу өкүлдөрү менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK