2024-ж. 8-майында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова Багжылар муниципалитетинин мэри Абдулла Өздемир мырза менен жолугушту

298

Бүгүн, 2024-жылдын 8-майында Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова Багжылар муниципалитетинин мэри Абдулла Өздемир мырза менен жолугушту.

Башкы консул Л.Сыдыкова 2024-жылдын 31-мартында Түркиянын бардык аймагында өткөн жергиликтүү кеңешине шайлоонун жыйынтыгы боюнча А.Өздемир мырзаны Багжылар муниципалитетинин мэрлигине кайрадан шайланышы менен куттуктады.

Тараптар экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу пландарын талкуулашты. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатуу максатында, Стамбул шаарынын, өзгөчө Багжылар муниципалитетинин ишкерлеринен инвестиция тартуу маселеси талкууланды. Мындан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташуу жаатында тараптар Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акимиаты тарабынан белекке берилген улуттук кыргыздын боз үйүн өткөрүп берүү жана тигүү иш-чарасын, Кыргызстан менен Түркия элдеринин ортосундагы достукту белгилөө максатында фотокөргөзмө уюштурууну макулдашты.

Жолугушуунун соңунда, тараптар кызматташууга жана биргелешкен пландарды ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

  • Бүгүн, 2024-жылдын 8-майында Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова Багжылар муниципалитетинин мэри Абдулла Өздемир мырза менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK