Стамбул провинциясында болгон жер титирөө боюнча КРдин жарандарына маалымат

7623

Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 26-сентябрында 13:59 жергиликтүү убакыт боюнча Түркиянын өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар Башкармалыгын маалыматы боюнча (AFAD) Стамбул провинциясынын  Силиври районунда 5,8 магнитудасындагы жер титирөө болгон.

Жер титирөөдөн жаракат алган КРдин жарандары тууралуу маалымат түшкөн эмес. Ал эми, «Кандилли» жана жер титирөө изилдөө институтунун директору проф. Халук Озенер мырзанын берген маегинде келечекте кайрадан жер титирөө болуу ыктымалы баса белгиленип кеткен.

Бул себептен, интернет булактарында чындыкка төп келбеген маалыматтар арбын болгондуктан, Башкы консулдук чагым маалыматтарга өзүңөрдү алдырбоого, кыраакылык көрсөтүүнү жана  техникалык коопсуздукту сактоону суранат.

Өзгөчө кырдаал учурунда төмөнкү телефон номерлери менен байланышсаңыздар болот:

          - +90 5456912207;

          - + 212 235 6767;

          - +996 (312) 66-06-75, 66-34-05;

          - +996 551 312 000 (WhatsApp, Telegram).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK