2020-жылдын 5-февралында Стамбул шаарында "Измир-Стамбул" авиакаттамы кырсыгы боюнча

6947

2020-жылдын 5-февралында Измир-Стамбул авиакаттамы аркылуу Стамбул шаарынын Сабиха Гокчен аэропортуна конуп жаткан самолет кырсыкка учурады.

Стамбул губернатору Али Йерликаянын маалыматы боюнча, жаракат алган жолчулар жакынкы ооруканаларга жеткизилип, тийиштүү жардам жана куткаруу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Бул авиакаттамда Кыргыз Республикасынын 2 жараны бар болгону белгилүү болду.

Консулдук кызматкерлери жарандарыбызды зыярат кылып, алар менен баарлашып, дарыгерлери менен кеңешип, алардын ден соолуктарына жана өмүрүнө зыян келтирүүчү жагдай болбогонун билишти.

Дарыгердин маалыматы боюнча, жарандарыбыз жеңил жаракат алышкан, азыркы учурда атайын медициналык көзөмөлдө, эң кыска замаатта ооруканадан чыгышат.

Башкы консулдукта бул маселе көзөмөлдө. 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK