Стамбулда Ак калпак күнү белгиленди
2020 - жылдын 5-мартында КРдин Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу жана «Кыргыз Достук жана Маданият коому» диаспора мүчөлөрү менен бирге Кыргыз элинин улуттук баш кийими «Ак – Калпак» күнүн белгилешти.
Кыргыз элинин маданиятын жана улуттук баш кийимди даңазалоо максатында катышуучулар Таксим аянтындан жөө жүрүшүп, жергиликтүү бийликти зыярат кылып, аларга ак – калпак белек беришти.
Бул иш - чара КРдин Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун коноктору тарабынан чоң кызыгууга кабыл алынып, майрамдык маанайда аяктады.