Чартердик рейс менен 349 жаран Кыргызстанга жөнөтүлдү

7553

2020 – жылдын 24 – апрелинде КРдин Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу жана КРдин Түркиядагы Элчилиги менен бирге аткарган жумуштун натыйжасында «Стамбул-Бишкек» чартер авиакаттамы менен 349 жаран (жашы толгондор 348 + 1 бөбөк) өз мекенине жөнөтүлдү. 

Бул авиакаттам аркылуу Түркиянын бир нече провинцияларында калып калган жарандарыбыз жөнөтүлдү жана бул жумуш Түркиянын 31 провинциясында киргизилген коменданттык саат болуп жаткан убагында уюштурулду. Башкы консулдук жана Элчилик жарандарга  жол жүрүүсүнө атайын уруксат алып, ошондой эле башка аймактардан Стамбул аэропортуна жеткирүү үчүн транспорттук колдоо маселелерин иштеп чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Стамбул ш. Башкы консулдугу Кыргызстанга кайтууну каалаган Кыргыз жарандары боюнча маалыматтарды чогултууну  улантууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK