КР Стамбул ш. Башкы Консулдукка Кыргызстанга кайтып кетүү боюнча

14440

Урматтуу мекендештер,

Координацияланган иш жүргүзүүнү камсыз кылуу, ошондой эле кайрылуулардын кайталанбашы үчүн туруктуу же убактылуу жашаган консулдук округга жараша Элчиликке жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдукка кайрылууну өтүнөбүз.

Төмөнкү аймактарда жашаган жарандар Башкы консулдукка кайрылышы керек: Стамбул, Анталья, Бурса, Измир, Маниса, Балыкесир, Чанаккале, Билежик, Кожаели, Сакарья, Текирдаг, Кыркларели, Эдирне, Ялова.

Башкы консулдукка кайрылуулар kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg же болбосо kgconsulate.genst@gmail.com электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат. Маалымат алуу учунбайланыш телефон номерлер: +90 212 235 67 67, +90 535 107 72 12. 

Төмөнкү аймактарда жашаган жарандар Элчиликке кайрылышы керек:Анкара, Адана, Адыяман, Афьонкарахисар, Агры, Амасья, Артвин, Айдын, Бингөл, Битлис, Болу, Бурдур, Чанкыры, Чорум, Денизли, Диярбакыр, Элазыг, Эрзинжан, Эрзурум, Эскишехир, Газиантеп, Гиресун, Гүмүшхане, Хаккари, Хатай, Спарта, Мерсин, Карс, Кастамону, Кайсери, Кыршехир, Конья, Күтахья, Малатья, Кахраманмараш, Мардин, Мугла, Муш, Невшехир, Нигде, Орду, Ризе, Самсун, Сиирт, Синоп, Сивас, Текирдаг, Токат, Трабзон, Тунжели, Шанлыурфа, Ушак, Ван, Йозгат, Зонгулдак, Аксарай, Байбурт, Караман, Кырыккале, Батман, Шырнак, Бартын, Ардахан, Ыгдыр, Карабүк, Килис, Османие, Дүзже.

Элчиликке кайрылуулар kgembassy.tr@mfa.gov.kg электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат. Малымат алуу учун телефон  номерлери : 90-312 491 35 06/07, +90 545 689 68 00 

Кайрылууда төмөнкү маалыматты көрсөтүү зарыл: латын тамгалары менен паспорттогудай аты-жөнү, туулган куну (кун, ай, жыл), паспорттун номери, Түркиядагы жашаган шаары жана байланыш телефон номери (жергиликтүү). Маалыматтар толук берилбеген учурда тизмеге кошууга мүмкүнчүлүк болбой калат. 

Чартердик рейсти ишке ашырууга эки өлкө бийликтеринин уруксаты алынгандан кийин кайрылган жарандарга кошумча маалымат берилет. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK