Маданий-гуманитардык кызматташуу

Ар кандай иш-чараларды уюштуруу аркылуу улуттук тарыхты жана маданиятты, ошондой эле Кыргызстандын тарыхый инсандарын таанытуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдгына карата 2021-жылдын 31-августунда Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башкы аянтында Айкөл Манастын эстелигинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Элчиликтин демилгеси менен Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетиндеги Түрк тарых паркында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун эстелиги орнотулду. Анын ачылыш аземи 2021-жылдын 1-октябрында болуп өттү.

Быйыл Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кападокияда Кыргызстан жана Түркия элдеринин ортосундагы достуктун жана маданий жалпылыктын символу катары «Кыргызстан» паркынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Ошентип, Анкарадагы Чубук жана Чанкая муниципалитеттеринин башчылары менен жетишилген макулдашуунун натыйжасында азыркы учурда Чубуктагы Курманжан Датка атындагы сейил бак аяктоо этабында, ал эми Чанкаяда 2022-жылдын 8-октябрында Ч.Айтматовдун сейил багы менен бюсту ачылат.

Маданий кызматташтык эки тараптуу деңгээлде да, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун алкагында да ишке ашырылууда. Быйыл Нооруз майрамына карата ТҮРКСОЙ менен биргеликте уюштурулган майрамдык концерттер өттү.13 түрк тилдүү жана Балкан өлкөлөрүндөн 250дөн ашуун өнөрпоз эл аспаптар оркестринин коштосунда бий жана ыр тартуулады. Анын ичинде Кыргызстандан Шаттык”, Керемет”, Наристе-Кызгалдак” бий топтору жана Aкак” комузчулар тобу өнөрлөрү менен көрүүчүлөрдү суктандырды.

Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эң маанилүү маданий иш-чаралардан бири - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Түркиянын Изник көлүнүн жээгинде 2022-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын катышуусунда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы болуп өттү. Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышты. Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышты. Иш-чаранын жабылуу аземи 2022-жылдын 2-октябрында өттү.

Гуманитардык кызматташтыктын маанилүү багыты Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркиянын ооруканаларында акысыз дарылануусу болуп саналат. 2019-жылдын май айында эки тарап кол койгон протоколго ылайык жылына бөлүнгөн квота 100дөн 150ге чейин көбөйгөн. Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын февраль айында түрк тарап кыргыз тарап менен гана эмес, башка чет мамлекеттер менен бул Макулдашууну ишке ашырууну убактылуу токтоткон.

Билим берүү тармагындагы кызматташтык – негизги багыттардын бири болуп саналат. Бул кызматташтыктын алкагында ТРнын ЖОЖдорунда бюджеттик жана контракттык негизде 1649 студент жана 19 курсант билим алууда. 2021-2022-окуу жылына карата ТРнын 1048 жараны КРнын ЖОЖдорунда билим алууда.