Документтерди мыйзамдаштыруу

Документтерди легалдаштыруу

Кыргызстан жана Түркия 1961-жылдагы Гаага конвенциясынын катышуучулары болуп, чет өлкөлүк расмий документтерди легалдаштыруу талабын жокко чыгарды. Кыргыз Республикасынын документтерин Түркиянын аймагында колдонуп жаткан учурда, документтин түрүнө жараша Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына кайрылышы керек (толук маалымат менен Юстиция министрлигинин http://minjust.gov.kg/ru/section/view/id/21 сайтынан таанышууга болот)

Элчиликтин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан берилген расмий документтерге "Апостиль" коюуга укугу жок.

Айрым учурларда Түркиядагы жергиликтүү бийлик Башкы консулдук тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтерди кабыл алат. Сертификаттоо үчүн алгач документти которуп, нотариалдык күбөлөндүрүүсү керек.