Анкарада гуманитардык жардам чогултуу тууралуу

907

Урматтуу Түркия Республикасында жашаган мекендештер!

Түркия Республикасынын түштүк-чыгышында болгон каргашалуу окуяларга байланыштуу Түркиянын жана Кыргызстандын жабыркаган жарандары үчүн Анкара шаарында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункту ачылды.

Анкара шаарында жардам чогултуу пункту төмөнкү даректе жайгашкан: Ankara, Çankaya, Kızılay mahallesi, Şehit Adem Yavuz sokak No: 9/5, 9/8.

Мекендештеримди жылуу жууркан-төшөк, кышкы кийим (чоңдор жана балдар үчүн), тамак-аш, суу жагынан ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырам.

Ошондой эле жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Элчилик тарабынан Garanti банкында акча каражаттарын которуу үчүн атайын эсептер ачылган: TR 23 0006 2000 4080 0009 0696 10 (доллар менен которуу үчүн), TR 09 0006 2000 4080 0006 2927 52 (түрк лирасы менен которуу үчүн).

Элчиликтин, Стамбулдагы жана Анталиядагы Башкы консулдуктардын кызматкерлери жардам көрсөтүү үчүн кырсык болгон аймакка жөнөп кетишти.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу Түркияга келип, кырсык болгон аймактарды көздөй жөнөп жатышат.

Гуманитардык жардам даярдал болгондо, жер титирөөлөрдөн эң көп жабыр тарткан шаарларга жөнөтүлөт.

Боордош Түркия үчүн ушундай оор мезгилде, бардыгыбыз биригип, кырсыктын кесепеттерин жоюуга ар тараптан жардам керсөтүүгө тийишпиз.

 

Урматтоо менен,

Руслан Казакбаев

Элчи

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK