Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту
2021-жылдын 12-апрелинде Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда элчи К.Өмүралиев кесиптешин кызматка дайындалышы менен дагы бир жолу куттуктап, жаңы кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.