Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу менен жолугушту
2021-жылдын 22-декабрында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун күн тартибинде болгон жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагындагы Кыргызстандын долбоорлоруна инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты. Элчи Өмүралиев түрк тарабын Бишкектин айланма жолун жана Бишкек-Ош жолундагы альтернативдик тоннелин куруу, Ысык-Көл аэропортун реконструкциялоо жана башка долбоорлорго катышууга чакырды.
Министр Караисмаилоглу кызматташууга даяр экенин билдирип, түрк компанияларына Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууну сунуш кыларын белгиледи.