Элчи Руслан Казакбаев ТҮРКСОЙдун мурдагы Башкы катчысы Дүйсен Касеинов менен жолугушту

546

2023-жылдын 2-февралында Элчи Руслан Казакбаев ТҮРКСОЙдун мурдагы Башкы катчысы Дүйсен Касеинов менен жолугушту.

Элчи Руслан Казакбаев Дүйсен Касеиновго ТҮРКСОЙдун башкы катчысы катары 14 жыл бою орток түрк маданиятын кайра жаратууга жана боордош түрк элдеринин маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого зор салым кошкон үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы Дүйсен Касеиновдун ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы кызматын аркалап жаткан кезде жаш таланттарды колдоодогу, Кыргызстандын маданий мурасын түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүндө жана эл аралык аренада, өзгөчө «Манас» эпосун, кыргыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармаларын таанытуудагы көмөгүн белгиледи.

Өз кезегинде Дүйсен Касеинов Элчи Руслан Казакбаевди Түркиядагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады. Ошол эле учурда дарегине айтылган жылуу сөздөр жана каалоолор үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да түрк маданиятынын чыңдалышына жана өнүгүшүнө кызмат кыла берерине ишендирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы, анын ичинде ТҮРКСОЙ уюмунун алкагында, маданий кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу идеяларын талкуулашты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK