Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн документтерди кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык билдирүүсү

2250

2022-жылдын 17-январынан тартып чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыра алышат.

Бул консулдук кызматты киргизүү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы №4 «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарына жагымдуу шарттарды түзүү жана көмөктөшүү максатында ишке ашырылган. 

Айдоочулардын күбөлүктөрүн алмаштыруу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:

1) айдоочунун күбөлүгүнүн мөөнөтү аяктаганда;

2) айдоочунун күбөлүгүндө камтылган ээсинин жеке маалыматтары өзгөргөндө;

3) айдоочунун күбөлүгү эскиргендиктен же бузулгандыктан пайдалана албай калганда;

4) айдоочунун күбөлүгүн жоготкондо.

Белгилей кетсек, буга чейин айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүргүзүлүп келген.

Консулдук төлөм 25 АКШ долларын түзөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK