Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын биометрикалык жарандык паспортунун 2020-жылдын үлгүсүндөгү биринчи нускасы тапшырылды
2021-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын биометрикалык жарандык паспортунун 2020-жылдын үлгүсүндөгү биринчи нускасы тапшырылды.
Жаңы биометрикалык паспортту биринчи болуп, Анкара шаарында иштеген Кыргыз Республикасынын жараны Аблизова Альмира алды.
Жаңы муундагы паспорт Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына жооп берет.