Элчиликтин имаратында китепкана ачылды

2813

Элчиликтин имаратында кызматкерлер жана коноктор үчүн китепкана ачылды. Китепкана буга чейин ар кандай жолугушуулардын жана иш-чаралардын алкагында Элчиликтин китеп фондусуна кирген бир нече тилдеги, ошондой эле түркчө жана кыргызча китептерден турат.

Ошондой эле китепканада ТРнын аймактарына болгон иш сапарлар жана Элчиликтеги жолугушуулар учурунда тартууланган сувенирлер жана улуттук түрк стилиндеги белектер үчүн өзүнчө бурч каралган. Китепкананын дубалдарында кыргыз сүрөтчүлөрдүн улуттук колориттин элементтерин колдонуу менен жасаган сүрөттөрү илинген.

Учурда китепкананы толтуруу боюнча иштер уланууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK