Элчи Кубанычбек Өмүралиев кезексиз Президенттик шайлоо жана Референдум боюнча түшүндүрмө берди

3584

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Акипресс маалымат агенттигине 2021-жылдын 10-январында боло турган кезексиз Президенттик шайлоо жана Референдум боюнча түшүндүрмө берди.

  • 2021-жылдын 10-январында боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо биздин жарандар Түркияда кайсыл жерде добуш бере алышат?

Түркияда жашаган жарандарыбыздын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Элчилигиндеги №9036 (адрес: Turan Güneş Bul, Galip Erdem Cad. No:25, Yildiz/Oran, /Ankara) жана Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугундагы № 9035 (адрес: Lamartin Caddesi No:7, Taksim, Beyoğlu, İstanbul) шайлоо участокторун бекитти.

  • Шайлоо процессине катышуу үчүн өлкөбүздүн канча жараны катталды?

Учурда Элчиликтин шайлоо участогундагы шайлоочулардын саны 698 адам, ал эми Башкы консулдукта 550 адам.

  • Шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн биздин жарандардын арыздарын Элчилик кайсы күнгө чейин кабыл алат?

Шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн жарандардын арыздары 2020-жылдын 30-декабрына чейин кабыл алынат.

  • Жарандарды тизмеге киргизүү үчүн Элчилик тарабынан кандай чаралар көрүлүп жатат?

Элчилик шайлоочулардын тизмесине кирүүнүн жана консулдук каттоого туруунун жол-жоболору боюнча Элчиликтин веб-сайты жана социалдык тармактардагы баракчалары, ошондой эле Түркиядагы кыргызстандыктардын коомдук бирикмелери аркылуу тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Консулдук каттоого онлайн режиминде туруунун мүмкүнчүлүктөрү боюнча дагы түшүндүрүү иштери активдүү жүрүп жатат. Ошол эле учурда, консулдук каттоого тургузуу максатында жарандарды кабыл алуу үчүн консулдук бөлүмдүн жумушчу күнү саат 09:00дөн 20:00гө чейин узартылды.

  • Консулдук каттоого турууда биздин жарандардын активдүүлүгү кандай?

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, шайлоочулардын тизмесинде болгон 714 адамдын 93ү Элчиликтин шайлоо участогунда добуш берди. Анкара шаарында айрым партиялардын агитаторлору болгонуна карабастан, жарандар шайлоого катышуу максатында консулдук каттоого турууга өтө деле кызыгышкан жок. Көпчүлүк жарандар консулдук кызматты алгандан кийин жана консулдук кызматкердин өтүнүчү боюнча гана консулдук каттоого турушат. Ушул жылдын 4-ноябрынан 23-декабрына чейин консулдук каттоого турган жарандардын саны 46 болсо, алардын 23ү гана шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн өз демилгелери менен катталган.

  • Мурда Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган дем алыш күндөрү көчөгө чыгууну чектөө иш-чараларынын алкагында, Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоо укуктарын кандайча колдоно алышат?

Туура. ТРнын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чараларга байланыштуу, дем алыш күндөрү 2021-жылдын 4-январына чейин сыртка чыгууга тыюу салынган. Ушуга байланыштуу дем алыш күндөрү көчөгө чыгууга тыюу салынгандыгын жана бул чаранын узартылышы мүмкүндүгүн эске алып, Элчиликтин жана Башкы консулдуктун шайлоо тизмелеринде катталган КРнын жарандарына шайлоо күнү шайлоого катышып кетүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынан уруксат алуу керек.

Ушундай уруксат алуу сыяктуу тажрыйбаны Элчилик чартердик рейстер менен мекендештерди Кыргыз Республикасына кайтарууда 30 ири шаардын ортосунда жүрүүгө гана эмес, жалпы жонунан сыртка чыгууга тыюу салынганда колдонгон.

Ушуга байланыштуу Элчиликтин веб-сайты жана социалдык тармактардагы баракчалары, ошондой эле Түркиядагы кыргызстандыктардын коомдук бирикмелери аркылуу Элчиликтин жана Башкы консулдуктун шайлоо тизмелеринде катталып КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууну көздөгөн КРнын жарандарына кайрылып аты-жөнүн/жашаган дарегин Элчиликке жана Башкы консулдукка 2020-жылдын 30-декабрына чейин жиберүүнү сурандык.

Ошентип, Анкара, Адана, Газиантеп, Кастамону, Кайсери, Конья, Малатья, Мугла жана башка провинцияларда жашаган жарандар өздүк маалыматын kgembassy.tr@mfa.gov.kg электрондук дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Анкарадагы Элчилигине билдирүүгө милдеттүү.

Ал эми Стамбул, Анталья, Бурса, Измир, Маниса, Балыкесир, Чанаккале, Билечик, Кожаели, Сакарья, Текирдаг, Киркларели, Эдирне жана Ялова провинцияларында жашаган жарандар өздүк маалыматын kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg. электрондук дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулдугуна билдирүүгө милдеттүү.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK